Ат-Башы районундагы Арпа өрөөнүндө калыңдыгы 15-20 сантиметрге жеткен кар жаады. Бул тууралуу 5-июнда ӨКМдин Нарындагы башкармалыгы кабарлады.
Учурда аймактагы малчыларга жем-чөп жеткирүү иштери уюштурулууда.
Мындан тышкары, ӨКМдин Ат-Башы райондук бөлүмүнөн ыкчам топ аймакка жөнөп жатат. Абал көзөмөлдө экени айтылды.