Балбан Жоламан Шаршенбеков Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча “Open Ulaanbaatar” эл аралык рейтингдик мелдешинде алгачкы атаандашын жеңди.
Биринчи айлампада балбан ирандык Эрфан Жаркани менен кез келип, жеңишти камсыздады.
Спортчу бул мелдеште 63 килограмм салмакта күч сынашууда.
Азыркы учурда Кыргызстандын капчыгында 4 коло жана 1 күмүш медаль бар.