Биз социалдык тармакта

Си Цзиньпин расмий сапар менен Түндүк Кореяга барат

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин 8-9-июнь күндөрү мамлекеттик сапар менен Түндүк Кореяга барат. Бул тууралуу "Синьхуа" агенттиги кабарлады.

Бул анын алты жылдан ашык убакыттан бери аталган өлкөгө биринчи сапары болмокчу.

Буга чейин "Ренхап" маалымат агенттиги Цзиньпиндин Түндүк Кореяга расмий сапары күтүлүп жатканын маалымдаган болчу.

Январь айында Кытайга болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ Мён Си Цзиньпинден өлкөлөр арасындагы мамилелерге ортомчулук кылууга көмөктөшүүнү суранган жана Кытай лидери бул өтүнүчкө оң жооп берген.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан