
Манас шаарындагы автобекеттин курулушунда мыйзам бузуулар аныкталып, эскертүү берилди. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Ал жерде асфальт басууда биринчи катмары тегиз ныкталган (трамбовка) эмес жана имараттын чатырын жабууда кемчиликтер кеткен.
Курулуш иштерин жүргүзгөн “Тянь Вэйго” ЖЧКсына карата акт түзүлүп, жазуу түрүндө эскертүү берилди.