
Ош шаарында музыкалык оргуманын курулушу башталды. Бул тууралуу калаа бийлиги кабарлады.
Маалымдалгандай, заманбап оргума Алымбек датка эс алуу жайында жайгашат. Анын курулуш иштерине мэр Жанар Акаев старт берген. Узундугу 50 метрге жеткен оргума жарыктандырылып, музыканын ыргагында бийлемекчи.