Жоламан Шаршенбеков Монголияда өтүп жаткан эл аралык рейтингдик турнирде ирандык Кешткарга жеңилип калды.
Эсеп 1:10 менен аяктады. Деген менен Шаршенбеков финалга чыгуу мүмкүнчүлүгүн жогото элек. Ал үчүн спортчу алдыдагы беттешти жеңиши керек болот.
Кыргыз балбаны буга чейин эки атаандашын уткан болчу. Бул Шаршенбековдун спорттогу тыныгуудан кийинки алгачкы турнири. Ал операция жасатканын айткан.