Кечээ, 4-июнда президенттин Баткен облусундагы өкүлү Мамыржан Рахимов Ак-Татыр айыл аймагынын эли менен жолукту.
Маалым болгондой, жолугушууда тургундар негизинен сел сууларынан коргонуу маселесин көтөрүшкөн. Аталган айыл жыл сайын селдин кесепетинен жабыркап келет. Облус башчысы аталган айылды селден коргоо максатында республикалык бюджеттен 400 миллион сом каралып, учурда тендердик процедуралар жүрүп жатканын билдирди.
Долбоор ишке ашкан соң селден коргоочу капиталдык курулмалар салынып, айылдын коопсуздугу камсыздалат.