Таиландда эки кабаттуу автобус жол кырсыгына кабылып, 28 адам жабыркады. Бул тууралуу "Matichon" басылмасы жазды.
Транспорт Сураттхани – Бангкок маршруту боюнча бара жатканда кырсыктаган. Анда жалпы 31 адам бар болгон.
Алдын ала маалыматтар боюнча, 23 жаран жеңил, дагы 5 адам оор жаракат алышкан.
Жеринде полиция кызматы жана "Тез жардам" иш алып барып, жарандарга көмөк көрсөтүлдү.