
Бишкектин Исакеев көчөсүнүн Достоевский көчөсүнөн Виноградная көчөсүнө чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.
Шаар мэриясы кабарлагандай, ал жердеги жолдун узундугу 1100 метрди түзөт.
Долбоордун алкагында тротуар жана жаан-чачын сууларын агызуу үчүн ирригациялык систем куруу да каралган.