
Бишкектин айрым аймактарында 8-июнда саат 09:30дөн 18:00гө чейин таза суу убактылуу берилбейт.
Мындай чектөө суу системи жаатында көп кабаттуу үйлөрдөгү авариялык-издөө иштерин жүргүзүүгө байланыштуу киргизилет.
Өчүрүү аймагы: Байтик баатыр көчөсү - Иманалиев көчөсүнөн Лесхозная көчөсүнө чейинки тилкеде.
"Бишкексууканал" мекемеси шаар тургундарынан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.