Чүйдө уюшкан кылмыштуу топтун 28 мүчөсү өз идеологияларынан баш тартышты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, алар атайын кызматтын Чүй облустук башкармалыгынын имаратына чогултулушкан. Шектүүлөр мурда соттолгон, ошондой эле кылмыштуу чөйрөдө бейрасмий макамга ээ болгон жарандар.
Жыйынтыгында алар өлкө мыйзамдарын сактап, мындар ары мыйзамсыз иштерге катышпай турушканын убадалашкан.