Акыл Сулайманов Монголияда өтүп жаткан эл аралык рейтингдик турнирде коло байге тагынды.
Ал грек-рим күрөшүнөн килемге чыгып, 60 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты. Балбандын ийгилиги өлкө капчыгына 6-медалды алып келди.
Буга чейин аталган турнирде кыргыз спортчулары 1 күмүш, 4 коло байге утушкан.