Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айылында 500 орундуу мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу 5-июнда Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалымдагандай, долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы наркы 226 миллион сомду түзгөн. Мектепте заманбап окуу класстары, азык-түлүк сактоочу кампасы бар ашкана, лаборатория жана бардык шарттары каралган спорт зал жайгашкан. Имараттын жалпы аянты 3 миң 220 чарчы метрди түзүп, 3 блоктон турат.
Жаңы окуу жылынан тарта мектеп окуучулар үчүн өз эшигин ачат.