Бишкектин Ала-Тоо аянтында жайы бою музыкалык кечелер болот. Бул тууралуу борбор калаа мэриясы билдирди.
Маалымдалгандай, кечелер ар аптанын жума жана ишемби күндөрү болот. Алгачкысы 5-июнда саат 19:00дө өтөт. Андыктан шаар бийлиги жарандарды жайкы музыкалык кечелерге келип, борбор шаардын жылдыздуу асманынын астында майрамдык маанай түзүүгө чакырат.