Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана Беларустун премьер-министри Александр Турчин "Автомаш-Радиатор" заводунда болушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Маалымдалгандай, алар ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышып, өндүрүштүк цехтерди, технологиялык линияларды жана өндүрүлгөн продукцияларды көрүшкөн.
"Он жылдан ашуун убакыттан бери "Автомаш-Радиатор" ишканасы беларустук өнөктөштөрү менен активдүү кызматташып келет. Иш сапардын жүрүшүндө өнөр жай кооперациясын кеңейтүү, өндүрүштүк потенциалды жогорулатуу жана эки өлкө ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты бекемдөө маселелерине өзгөчө көңүл бурулду",- деп айтылат маалыматта.