Кара-Суу районунда мамлекеттик кызматкерлер кармалышты. Бул тууралуу Ош облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, Жоош айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаты, сатып алуулар боюнча жетектөөчү адиси, Жоош айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелишүүдө.
Муниципалдык менчиктеги жалпы аянты 4544 чарчы метрди түзгөн жер тилкелери жеке менчикке мыйзамсыз сатылып кеткен. Натыйжада мамлекетке 10 миллион 350 миң 200 сом зыян келтирилген. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголгон.
Учурда кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча иштер жүрүүдө.