Биз социалдык тармакта

Прокуратура ишкердин акчасын кайтарууга көмөк көрсөттү

Ишкердин мамлекеттик орган тарабынан негизсиз кармалып турган 692 миң 800 сом өлчөмүндөгү кепилдик төлөмү кайтарылды. Бул туралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалымдалгандай, ишкердин акча каражаттарын кайтарып алуу боюнча бир нече жолку кайрылууларынан майнап чыккан эмес. Анын арызы узак убакыт бою мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик орган тарабынан каралбай келген.
Башкы прокуратура мыйзам бузууларга жол берген жооптуу кызмат адамдары тартиптик жоопкерчиликке тартылганын кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан