Биз социалдык тармакта

Кант жана Бишкекте акциздик маркасы жок сатыктагы тамекилер табылды

Бишкек жана Кант шаарларында акциздик маркасы жок тамекилерди сатуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Канттагы "Мырзабек" дүкөнүнөн акциздик маркасы жок жалпы суммасы 273 миң 120 сомду түзгөн 2276 куту тамеки продукциясы аныкталган. Бишкектин Аламүдүн базарындагы соода павильондорунун биринен акциздик маркасы жок жалпы суммасы 78 миң сомду түзгөн 650 куту тамеки табылган.
Аталган фактылар боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, чогултулган материалдар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлгөн.
Кант жана Бишкекте акциздик маркасы жок сатыктагы тамекилер табылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан