Жалал-Абад облусунун аймагында бүгүн, 6-июнда саат 10:20да күчү 3 баллга жакын жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдирди.
Маалыматка ылайык, жер силкинүүнүн очогу Манас шаарынан 95 чакырым түндүк-чыгышта жайгашкан.
Калктуу конуштарда жер титирөө сезилген эмес.