Бүгүн, 6-июнда Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагында күрүч таңгактоочу логистикалык борбордун ачылыш аземи болду.
Иш-чарага президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев, Өзгөндүн акими Каныбек Апбасов жана жергиликтүү тургундар катышты.
Курулуш 2025-жылдын августунда башталган. Ага Ош облусун өнүктүрүү фондунан 10 миллион 225 миң сом, Өзгөн районун өнүктүрүү фондунан 2 миллион 565 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 2 миллион сом жумшалган.
Логистикалык борбор суткасына 5 тонна күрүчтү тазалап, вакуумдук таңгактоого жөндөмдүү.