Бишкекте "Бандит" аталышындагы рейдде 20дан ашуун адам милиция бөлүмдөрүнө жеткирилди. Бул тууралуу калаанын милициясы маалымдады.
Алар ички иштер органдарынын каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтордун активдүү мүчөлөрү катары каттоодо турушат.
Жарандар кылмыштарга же укук бузууларга тиешеси бар-жогун текшерүү үчүн милициянын аймактык бөлүмдөрүнө жеткирилген.
Мындан тышкары мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, баңги каражаттарын жана башка тыюу салынган буюмдарды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү.