Бишкектин бир бөлүгүндө өчкөн электр жарыгын калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Электр энергиясы 110 киловольттук “Парковая” - “Ала-Арча” линиясындагы аба чубалгысын Хово унаасы үзүп кеткендиктен өчүп калган.
Учурда энергетиктер калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатышат.