Кыргызстан–Палестина футбол боюнча курама командаларынын жолдоштук беттеши тең чыгуу менен аяктады. Мелдеш 6-июнда Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.
Эки өлкөнүн курамаларынын кезектеги беттеши 9-июнда болот.
Палестина курама командасына каршы бул беттештер Кыргызстандын улуттук курама командасынын 2027-жылдагы Азия Кубогуна даярдыгынын маанилүү бөлүгү болуп саналат.