Монголияда өтүп жаткан эл аралык рейтингдик турнирде эркин күрөш боюнча Аден Сакыбаев коло, Рустамжан Кахаров күмүш медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Маалымдалгандай, эки балбан тең 70 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан. Алар алгачкы беттеште кез келип калышып, Кахаров Сакыбевди жеңип алган.
Эске салсак, аталган турнирде кыргызстандык балбандар 1 алтын, 1 күмүш, 4 коло байге утушкан.
Автор: Кылымбек БейшеевФото: Дене тарбия жана спорт агенттиги