Биз социалдык тармакта

Чүйдө суюлтулган газды мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталды (видео)

Чүй облусунун Сокулук районунда суюлтулган газды мыйзамсыз сатуу жана коопсуздук талаптарын одоно бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу 8-июнда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, жалпысынан 3 мыйзамсыз соода түйүнү аныкталган. Алардын экөөнө калктуу конушта жайгаштырылган автоцистерналарды аймактан чыгаруу боюнча милдеттүү сунуштар берилди. Бир объект боюнча тиешелүү мыйзам чегиндеги чаралар көрүлүүдө.
Министрлик жарандарга калктуу конуштарда көчмө унаа газын толтуруучу станцияларды жана автоцистерналарды жайгаштырууга мыйзам тарабынан тыюу салынганын эскертет. Өзгөчө жай мезгилинде абанын температурасынын жогору болушу мындай объекттердин кооптуулугун бир нече эсеге күчөтөт.
Чүйдө суюлтулган газды мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан