Кечээ, 7-июнда саат 04:30 чамасында Бишкек шаарында мас абалда унаа башкарган айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, айдоочу жоопкерчиликтен качууга аракет кылганына карабастан, медициналык күбөлөндүрүү жүргүзүү үчүн наркологиялык борборго жеткирилди. Жыйынтыгында анын мас абалда экени аныкталды.
Аталган факт боюнча протокол түзүлүп, унаа айып короосуна токтотулду. Мекеме айдоочуларды мас абалда унаа башкарбоого чакырат.