VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучуларына жана конокторуна көчмөндөрдүн тамактары берилет. Бул тууралуу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башкы режиссёру Алтынбек Максүтов "Биринчи радиого" курган маегинде билдирди.
Ал тамак-аш маселесине өзгөчө көңүл бурулуп жатканына айтты.
"Баягыдай кылып, ар кайсы жерде эле пирожки жасап сатуу дегендерге тыюу салып жатабыз. Kulikov өңдүү бренддер да көчмөндөргө багытталган өндүрүшүн сунушташат",- деди Максүтов.
Ошондой эле ал Кырчынга байыркы шаарларды элес кылган фут-зона уюштуруларын кошумчалады.