VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башкы режиссёру Алтынбек Максүтов "Биринчи радиого" курган маегинде аталган иш-чараны мурунку өткөргөн өлкөлөрдө талаш-тартыштар орун алганын айтты.
Ал ошол себептүү президент Садыр Жапаров кийинки оюндарды кайра алып, ага тактоолорду киргизүүнү тапшырганын белгиледи.
"Талаш-тартыштар болуп кеткен. Алган өлкөлөр көк бөрүнү киргизбейбиз, муну кабыл албайбыз дешкен, башка оюндарды кошушкан. Көчмөндөр оюндарынын кагаз иштери так жазылбай берилгендиктен ошондой жагдайлар болгон",- деди Максүтов.