
Ош облусунда “Бандит" аталышындагы рейдде бир топ кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу 8-июнда облустун милициясы билдирди.
Маалым болгондой, рейддин жүрүшүндө бир топ алдамчылык фактылары аныкталып, аларга Кылмыш-жаза кодексинин негизинде кылмыш иши козголду. Шектүү жарандар тергөө кызматына жеткирилип, суракка алынып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары, мурда сот жообуна тартылган атуулдар менен профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү.