Бүгүн, 8-июнда “Ак-Тилек” фитосанитардык текшерүү постунда Орусиядан ташылып келе жаткан пиломатериалдар артка кайтарылды.
Айыл чарба министрлиги кабарлагандай, буга фитосанитардык сертификатта көрсөтүлгөн маалыматтар транспорттук (товарды коштоочу) документтерде көрсөтүлгөн маалыматтарга дал келбегендиги себеп болгон.