Уранбек Шадыбеков УКМК төрагасынын орун басары, УКМКнын Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору кызматынан бошотулду. Тиешелүү тескемеге өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгонун президенттин администрациясы кабарлады.
Маалымдалгандай, анын ордуна Алмаз Ажыгулов дайындалган.
Эске салсак, ал бул кызматка УКМКнын мурдагы башчы Камчыбек Ташиев кызматынан бошотулган күнү, тагыраагы, 10-февралда дайындалган. 23-февралда президент ага генерал-майор жогорку аскердик наамын ыйгарган.