
Алдамчылыкка шектелген 24 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, Оштун тургуну Баткен шаарынын 46 жаштагы тургунуна унаа сатуу жана сатып алуу келишиминин негизинде 1 миллион 225 миң сом карыз болуп калган. Бирок ал акчаны бербей качып жүргөн.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, шектүү Бишкектен колго түшкөн. Ал Баткенге жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.