9-июндан 12-июнга чейин аба ырайынын туруксуздугуна жана нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн.
Кыргызгидромет кызматы кабарлагандай, бул күндөрү дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Буга чейин Ысык-Көл облусунда сел кырсыгы бир адамдын өмүрүн алган.