Биз социалдык тармакта

"Кара-Көлдү Сингапур кылып..." Губернатор мэр менен шаардык кеңештин төрагасын тилдеди

Жалал-Абад облусунун башчысы Тилек Текебаев Кара-Көл шаарынын мэри менен шаардык кеңешинин төрагасын тилдеп, эскертүү берди.

Губернатор аталган шаардын тургундары менен жолугушууда эки жетекчи тууралуу көптөгөн нааразычылыктар айтылып жатканын билдирди.

"Силер жашсыңар да, интриганы таштап, эл үчүн кызмат кылбайсыңарбы! Спикерди "бандит", мэрди "ар кандай ишке аралашкан" деп жатышат. Экиге бөлүнүп жатсаңар, ырыскы кайдан келмек эле. Кара-Көлдү өнүктүрүп, Сингапур кылып туруп анан кыйын болгула. Акыркы жолу эскертүү берип жатам",- деди Текебаев.

Губернатор мэр менен шаардык кеңештин төрагасын тилдеди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан