
Мамлекеттик жана коомдук ишмер
Мыктыбек Абдылдаев 72 жаш курагында дүйнө салды.
Ал Жогорку Кеңештин V жана VI чакырылыштарында депутат болгон. 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин кыска мөөнөткө парламенттин төрагасынын милдетин аткарган.
Мыктыбек Абдылдаев ошондой эле Кыргызстандын башкы прокурору жана ички иштер министри кызматтарын аркалаган. Мындан тышкары президенттик администрацияны жетектеген жана Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп эмгектенген. Акыркы жылдары ал Элдик курултайдын катчылыгын жетектеп келген.