Ош шаарындагы “Келечек” балдардын чыгармачылык борборунда салтка айланган “Келечек досторун чакырат” жайкы лагеринин биринчи этабы жыйынтыкталды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага шаардык мэриянын өкүлдөрү, депутаттар, ата-энелер жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Лагерге 150дөн ашуун бала тартылып, алардын арасында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары жана окууда, коомдук иштерде өзгөчөлөнгөн окуучулар болду.
Лагердин алкагында балдардын жайкы эс алуусун мазмундуу уюштуруу, чыгармачылык жана интеллектуалдык жөндөмдөрүн өнүктүрүү үчүн ар түрдүү иш-чаралар өткөрүлдү.
Белгиленгендей, “Келечек досторун чакырат” жайкы лагери жыл сайын уюштурулуп, социалдык колдоого муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарына жардам берүү жана алардын таланттарын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү долбоорлордун бири болуп саналат.