Биз социалдык тармакта

Кыргызстан ЕБдин “кара тизмесинен” чыкты: эми Европага түз аба каттамдарына жол ачылат

Кыргызстан 20 жылдан бери турган Европа Биримдигинин учууларга тыюу салынган авиакомпаниялардын “кара тизмесинен” чыгарылды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Мындай чечим Европа Биримдигинин Учуулар коопсуздугу боюнча комитетинин май айындагы жыйынында кабыл алынган.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда сертификатталган бардык авиаташуучулар ЕБге учууга тыюу салынган компаниялардын тизмесинен чыгарылган. Өлкө бул тизмеде 2006-жылдан бери болуп келген.

Акыркы жылдары жарандык авиация тармагында жүргүзүлгөн реформалар, учуу коопсуздугун көзөмөлдөө системасынын күчөтүлүшү жана талаптардын эл аралык стандарттарга шайкеш келтирилиши оң баасын алды.

Европа Комиссиясы Кыргызстандагы өзгөрүүлөрдү жогору баалап, техникалык кызматташтык мындан ары да улантыларын билдирди.

Бул чечим кыргыз авиациясы үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, келечекте Европа өлкөлөрү менен түз аба каттамдарын өнүктүрүүгө шарт түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bazar
2026-06-09 02:52:00
Жумасына бир жолу Бишкек-Вильнюс багытына ачылса жакшы болмок. Ташкент аркылуу же Стамбул аркылуу которулуп учуп жүрүшөт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан