Биз социалдык тармакта

Мыктыбек Абдылдаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең болот

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Мыктыбек Абдылдаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 10-июнь күнү саат 10:00дө Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт. Абдылдаев кечээ күнү 72 жаш курагында дүйнө салды.

Ал Жогорку Кеңештин V жана VI чакырылыштарында депутат болгон. 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин кыска мөөнөткө парламенттин төрагасынын милдетин аткарган.
Мыктыбек Абдылдаев ошондой эле Кыргызстандын башкы прокурору жана ички иштер министри кызматтарын аркалаган. Мындан тышкары президенттик администрацияны жетектеген жана Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп эмгектенген. Акыркы жылдары ал Элдик курултайдын катчылыгын жетектеп келген.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан