Кечээ, 8-июнда саат 22:55те Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Сейсмология институту кабарлагандай, жер титирөөнүн очогу Күңгөй Ала-Тоо тоо кыркасында жайгашып, Кожояр айылынан 35 чакырым түндүк-батышта, ал эми Ананьево айылынан 49 чакырым түндүк-батышта болгон.
Жердин силкинүүсү Ак-Булуң, Ак-Булак, Талды-Суу жана Корумду айылдарында 3 баллга чейин сезилген.