
Баткен облусунда ири өлчөмдөгү баңгизаттарды мыйзамсыз ташууга бөгөт коюлду. Бул тууралуу 9-июнда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, милицияга Тажикстандан ири өлчөмдөгү баңгизаттарды Баткен аркылуу Өзбекстанга аткезчилик жолу менен өткөрүүгө даярданып жаткан уюшкан топ тууралуу маалымат түшкөн.
Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын алкагында Хундай Соната үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, анын айдоочусу, 1987-жылы туулган
А.С. аттуу жаран кармалган. Тинтүү учурунда салмагы 9 килограмм 908 грамм 8 миллиграмм болгон гашиш табылган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.