Биз социалдык тармакта

Кыргызстандын Кызыл китеби жаңыртылат

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Улуттук илимдер академиясы менен биргеликте Кызыл китепти жаңыртуу боюнча иш алып барышат.
Министрлик маалымдагандай, илимдер академиясынын окумуштуулары флора жана фаунанын сейрек кездешүүчү жана жоголуп кетүү коркунучунда турган түрлөрүнүн абалы жөнүндө так маалыматтарды алуу үчүн өлкө аймагында изилдөөлөрдү жүргүзүшөт.
Долбоор 24 айга эсептелип, пландалган иштердин наркы 21 миллион сомго жакын каражатты түзөт.
Учурда Кыргызстандын Кызыл китебине 57 түрдүү куштар, 23 түрдүү сүт эмүүчүлөр, 2 түрдүү жерде-сууда жашоочулар, 8 түрдүү сойлоочулар, 7 түрдүү балыктар, 18 түрдүү муундуу буттуулар, ошондой эле 89 түрдүү жогорку өсүмдүктөр жана козу карындар кирет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан