Биз социалдык тармакта

Ооганстанда смартфондорго тыюу салынды

Ооганстанда мамлекеттик кызматкерлер үчүн смартфондорду колдонууга тыюу салынды. Тиешелүү буйрукту Талибандын лидери Хибатулла Ахундзада чыгарганын чет элдик басылмалар жазышты.

Чектөөлөр кыймылдын мүчөлөрүнө да тиешелүү. Документте тыюу салууну бузгандар аскердик соттор аркылуу жоопко тартылары айтылат. Так жазалар көрсөтүлгөн эмес.

Жаңы эрежелердин сакталышын камсыз кылуу үчүн аскердик соттун кызматкерлерине мамлекеттик кызматкерлерди көзөмөлдөө милдети жүктөлгөн. Бул максатта атайын реестр түзүлгөн.

Мындай чечим өлкөдө заманбап байланыш каражаттарын колдонууну чектөө саясатынын уландысы болуп саналат. Ооган мектептеринде жана медреселеринде да смартфондорду колдонууга тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан