Кыргызстандык Хамза үчүн зарыл болгон дарылоо уколуна байланыштуу анализдердин жыйынтыгы чыгып, дарыны колдонууга уруксат берилгени маалым болду. Бул тууралуу анын үй-бүлөсү социалдык тармактардагы билдирүүсүндө билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда үй-бүлө Дубай шаарында болуп, медициналык текшерүүлөрдөн өткөн соң анализдер тапшырылган. Жыйынтыктар 3 жумага жакын күтүлүп, жакында дарыны колдонууга мүмкүнчүлүк ачылганы белгиленди.
Ата-энесинин айтымында, акыркы бир нече апта алар үчүн өзгөчө оор жана чыңалуу менен өткөн. Бирок бардык текшерүүлөрдүн жыйынтыгы оң болуп, дарылоо процессин улантууга шарт түзүлдү.
Учурда клиника менен сүйлөшүүлөр жүрүп, керектүү дарыга буюртма берилгени маалымдалды. Бул этап Хамзанын дарылануусунда маанилүү кадам катары бааланууда.
Үй-бүлө буга чейин бир жылдан ашык убакыттан бери дарылоо жана керектүү каражаттарды чогултуу иштерин жүргүзүп келгенин белгилешти. Ошондой эле алар коомчулукка колдоо көрсөткөн бардык жарандарга ыраазычылык билдиришти.
Белгилей кетсек, Хамза сейрек кездешүүчү оорунун бир түрү — жүлүн булчуң атрофиясы (SMA) менен ооруйт. Анын дарылануусунда колдонулуучу “Золгенсма” препараты үчүн керектүү каражат кыргыз элинин колдоосу менен чогултулган.