
Баткенде алдамчылыкка шектелип 48 жаштагы аял киши кармалды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, ал былтыр сентябрь айында 27 жаштагы жаранга жана анын жубайына жашоо-шарттарын жакшыртуу үчүн Баткен райондук социалдык өнүктүрүү бөлүмү тарабынан берилүүчү 150 миң сом социалдык келишимди алып берүүнү убадалаган.
Ал эч бир мекеме-ишканада расмий кызматкер катары иштебегенине карабастан, керектүү документтерди чогултуп берип, аталган акча каражатын алып берүү үчүн бир нече жарандан 20 миң сомдон акча талап кылып алгандыгы аныкталган.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.