
Чүй облусунун Аламүдүн районунда баасы 459 миллион сомдон ашкан 32,6 гектар жайыт жер мамлекетке кайтарылды.
Башкы прокуратура маалымдагандай, 2011-жылы аталган жер мыйзам талаптарын бузуу менен жайыт жерлер категориясынан башка категорияга которулуп, аукцион өткөрүлбөстөн жеке менчикке берилген.