Биз социалдык тармакта

Бишкекте үй шартында даярдалган тамактан алты адам ууланды

Бишкек шаардык Дене тарбия департаментинин алты кызматкери жумуш учурунда бешбармак жана чучуктан ууланып калышты. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, тамак үй шартында даярдалып келип, аны түшкү тыныгуу учурунда жешкен. Натыйжада алты адамдын ден соолугу начарлап, алардын экөө ооруканага жаткырылган. Калган төрт кызматкер үйдө дарыланууга жиберилди.

Дарыгерлер жарандарды күндүн ысыгында тамак-ашты сактоо шарттарына жана жарактуулук мөөнөтүнө өзгөчө көңүл бурууга чакырышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан