Биз социалдык тармакта

Ошто жаңы эс алуу аллеясы курулууда

Ош шаарындагы Анар-1 конушунда жаңы аллеянын курулушу жүрүп жатат.

Мэриянын маалыматына ылайык, бул аймак тынч эс алуу зонасы катары уюштурулуп, тургундардын эс алуусуна ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Буга чейин аталган жерде балдар ойноочу аянтча каралган эмес.

Жаңы аллеяга отургучтар жана беседкалар орнотулуп, аймакты көрктөндүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Ошондой эле жашылдандыруу иштеринин алкагында 200дөн ашуун декоративдүү бадал отургузулду.

Долбоор бүткөндөн кийин аллея жергиликтүү тургундардын эс алуусу үчүн заманбап жана ыңгайлуу коомдук жайлардын бирине айланары күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан