Бишкекте унаа токтотуучу жайларды пайдаланууну көзөмөлдөө үчүн “Жөө патруль” мобилдик тиркемеси ишке киргизилет. Анын жардамы менен унаалардын жайгашуусу катталып, төлөмдөрдүн аткарылышына мониторинг жүргүзүлө тургандыгын мэрия билдирди.
Маалым болгондой, унаа токтотуучу жайдын акысын төлөбөгөн жеке жактарга 1000 сом, ал эми юридикалык жактарга 5000 сом өлчөмүндө айып пул каралган.
Шаар бийлиги айдоочуларды эрежелерди сактоого жана унаа токтотуучу жайлардын акысын өз убагында төлөөгө чакырды.