Биз социалдык тармакта

Ошто Атабаев көчөсү жаңыланып жатат

Ош шаарында жол инфраструктурасын жакшыртуу иштеринин алкагында Атабаев көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери уланууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Учурда көчөнүн жол негизи даярдалып, атайын техникалардын жардамы менен курулуш иштери жүргүзүлүүдө. Бул этап жолдун сапатын жана узак мөөнөттүү пайдаланылышын камсыз кылууда маанилүү орунду ээлейт.

Шаар бийлиги белгилегендей, көчөнү жаңылоо транспорт кыймылын жеңилдетип, тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Иштер Ош шаарынын жол тармагын өнүктүрүү боюнча пландын негизинде жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан