Кечээ, 9-июнда Кыргызстандын U-20 жаштар курама командасы Түркиянын Анталья шаарында өтүп жаткан окуу-машыгуу жыйынынын алкагында Азербайжандын жаштар командасына каршы кезектеги жолдоштук беттешин өткөрүп, 3:0 эсебинде жеңишке жетишти.
Кыргыз футбол биримдиги билдиргендей, Нурбек Жолдошов жетектеген команда буга чейин Бахрейндин U-20 курама командасын 4:0 эсеп саны менен уткан. Бул беттештер 31-августтан 6-сентябрга чейин Бишкек шаарында өтө турган Азия Кубогу U-20 тандоо турнирине даярдоонун алкагында өткөрүлүп жаткандыгы кошумчаланды.
Белгилей кетсек, турнирдин финалдык баскычка жолдомо үчүн күрөштө Кыргызстан U-20 курама командасы Түштүк Корея, Филиппин жана Ливан курама командалары менен бир тайпада күч сынашат.